www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын бийлиги Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциялардын тизмесин кеңейтти.

Ага дагы 42 киши, анын ичинде Орусиянын аймактарынын 29 жетекчиси, юстиция министри Константин Чуйченко жана миллиардер Алишер Усмановдун эки жээни кошулду. Бизнесмен өзү буга чейин санкцияга туш болгон.

Андан тышкары "кара тизмеге" Sputnik International мамлекеттик маалымат агенттигинин башчысы Антон Анисимов жана британиялык видеоблогер, Орусиянын RT жана "Звезда" каналдары менен кызматташкан Грэм Филлипс илинген.

Алардын Британияда активдери бар болсо, камакка алынат.

Лондондун санкцияларын офшор компаниялары катталган бир нече эл аралык юрисдикциялар да, мисалы Мэн аралы аткарууга тийиш. Көптөгөн иликтөөлөр көргөзгөндөй, дүйнө жүзүндөгү мүлккө ээлик кылган орусиялык жогорку аткаминерлер компанияларын каттоо үчүн офшорлорду пайдаланып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости