www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран бийлиги жакынкы күндөрү Катардын борбору Дохада АКШ менен эч кандай сүйлөшүү өткөрүү пландалбаганын билдирди.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи министрликтин Telegram-каналы аркылуу маалымдап, тараптардын жакын арада кандай гана деңгээлде болбосун жолугушуусу пландалбаганын баса белгиледи.

«АКШ делегациясынын Катарга сапары Иран тараптын кандайдыр бир сүйлөшүү жүргүзүү планы менен байланыштуу эмес», — деди ал.

Ошондой эле Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казым Гарибабади 30-июнда Дохада эки өлкөнүн ортосунда техникалык консультациялар да өткөрүлбөй турганын ырастады.

Буга чейин Axios басылмасы АКШ менен Иран өз ара соккуларды токтотуу боюнча макулдашып, 30-июнда Дохада Ормуз кысыгы боюнча пикир келишпестиктерди талкуулай турганы тууралуу маалымат тараткан. Кийинчерээк Ирандын расмий билдирүүсү бул маалыматтарды четке какты.

Последние новости