www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жаңы Жарлыкка ылайык саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды дайындоонун тартиби өзгөртүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, акимдер, алардын орун басарлары, мэрлер жана айыл өкмөт башчылары сыяктуу кызмат адамдарын тең же төмөн турган кызмат орундарына үч жумуш күнүнүн ичинде, конкурссуз дайындоо тартиби киргизилди.

Бул чечим мамлекеттик башкарууда кадрдык чечимдерди ыкчам кабыл алууну камсыз кылууга багытталган.

Президент ошондой эле облустук өкүлдөргө, акимдерге жана мэрлерге өзгөчө талаптар коюларын белгиледи. Алар борбордук бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы байланыштыруучу звено болуп саналат.

Мамлекет башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине негизсиз кийлигишпестен, тескерисинче, алардын өз милдеттерин натыйжалуу аткарышына көмөк көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Последние новости