www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран АКШ менен Израилдин масштабдуу операциясына жооп ирээтинде Катар, Кувейт, БАЭ жана Бахрейндеги АКШнын базаларына ракеталык сокку урду.
Бул тууралуу ирандык “Fars news” агенттиги маалымдады.
“Аймактагы төрт америкалык аскердик база Ирандын баллистикалык ракеталык чабуулуна кабылды. Алар Катардагы Аль-Удейд аба базасы, Бахрейндеги АКШнын Бешинчи флотунун базасы, БАЭдеги Аль-Дафра аба базасы жана Кувейттеги Аль-Салем аба базасы болду”, – деп айтылат билдирүүдө.
Буга чеийн Reuters агенттиги Бахрейн, Катар жана Кувейттен кийин Абу-Дабиде да жардыруунун үнү угулганын маалымдаган.
Иран бийлиги буга чейин эгер АКШ Иранга чабуул жасаса анын аймактагы базалары мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.
Бүгүн, 28-февраль АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдуу операция башташты. Чабуулдар Тегерандагы жана Ирандын башка шаарларындагы аскердик жана административдик объекттерге жасалууда.
Иран чабуулга жооп катары Израиль аймагына ондогон ракеталарды учурду.