www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна жана Ирандын аймагына жасалып жаткан аба соккуларына байланыштуу Кыргызстандын жарандарын кырдаал туруктуу болгонго чейин Иранга баруудан карманууга катуу сунуштайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Ирандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда дароо Кыргызстандын Тегерандагы элчилигине же ТИМинин Консулдук департаментине төмөндө көрсөтүлгөн байланыштар аркылуу кайрылуу сунушталат:
Кыргызстандын Иранддагы элчилиги (Тегеран шаары):
+98 21 2283 0354, +98 935 250 5229
E-mail: [email protected]
КР ТИМинин Консулдук департаменти (күнү-түнү):
+996 999 312 002
E-mail: [email protected]
2026-жылдын 28-февралына карата ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык, Түркия Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара расмий түрдө жабылган эмес. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.
Кошумча шашылыш байланыш телефондору:
Кыргызстандын Армениядагы Ардактуу консулу: +374 91 919191;
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00;
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги: +993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 594
Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги: +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp);
Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги: +994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01.
ТИМ кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантат, ошондой эле жарандарды сабырдуулукту сактоого жана жеке коопсуздук чараларын так аткарууга чакырат.