www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп АКШ Иранга каршы масштабдуу операция баштаганын билдирди.
«Бир нече убакыт мурун АКШнын куралдуу күчтөрү Иранда ири аскердик операцияларды башташты», — деди Трамп.
Трамп Ирандын аракеттери АКШга, америкалык аскерлерге жана чет өлкөлөрдөгү аскердик базаларга түздөн-түз коркунуч келтирерин билдирди.
Алардын аракеттери АКШга, биздин базаларыбызга, чет өлкөлөрдөгү аскерлерибизге жана дүйнө жүзүндөгү союздаштарыбызга түздөн-түз коркунуч келтирет”, – деди Трамп видео кайрылуусунда.
Бүгүн, 28-февраль АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдуу операция башташты. Чабуулдар Тегерандагы жана Ирандын башка шаарларындагы аскердик жана административдик объекттерге жасалууда.
Иран чабуулга жооп катары Израиль аймагына ондогон ракеталарды учурду.
Мындан, тышкары Иран АКШнын аймактагы базаларына сокку урууда.
Reuters агенттиги Бахрейн, Катар жана Кувейттен кийин Абу-Дабиде да жардыруунун үнү угулганын маалымдады.
Иран бийлиги буга чейин эгер АКШ Иранга чабуул жасаса анын аймактагы базалары мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.
Израиль Иран-АКШ сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан учурда Иранга кайрадан кол салып отурат. Израиль буга чейин да Иран менен АКШнын ортосунда өзөктүк маселе боюнча кыйыр сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда, 2025-жылдын июнь айында Иранга сокку урган. Андан улам сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.
Омандын ортомчулугу менен Иран-АКШ сүйлөшүүлөрү эми жанданып, жаңы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасынын алдында Израиль кайрадан Иранга сокку жасады.