www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыш аймагындагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирет.
Кыргыз Республикасы аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык иш алып барууну жактайт. Ошондой эле тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырып, согуштук аракеттерди кечиктирбестен токтотууга жана кырдаалды жалаң гана тынчтык жолу менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго мүмкүн болушунча тез кайтууга багытталган бардык зарыл чараларды көрүүгө үндөйт.