www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиясындагы авиабазага жасалган ирандык чабуулдан кийин ракетага каршы тутумдун элементи болгон америкалык өтө маанилүү AN/TPY-2 радары зыян тартты. Бул туурасында CNN спутник аркылуу тартып алган сүрөттү жарыялады.
"Султан ханзаада" базасында мобилдик бир нече трейлерге орнотулган радарды учурда көмүскөдөн, жашырылып турган чатырдан ачык жерге алып чыгып коюшкан. Антеннасынан өрттүн издерин байкоого болот. Андан сырткары, чоң бөлүгү жок турат.
THAAD программасына жооптуу болгон АКШнын ракетага каршы коргонуу агенттигинин маалыматы боюнча, бул техниканын антеннасы 2025-жылы 136 миллион доллар турганын билдирген.
Ислам революциясынын сакчылары корпусу "Султан ханзаада" аба базасына алар жасаган чабуулдан АКШнын E-3 учагы жок кылынгандыгын билдирген. Ага алыскы радиолокацияларды кармап жана башкарууга жөндөмдүү система орнотулуп, "Учуп жүргөн радар" деген ат менен белгилүү эле.