www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы мектептердин биринде окуган баланын апасы мугалимди сабаган социалдык тармакта тараган чуулгандуу видео тасмадагы окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы териштирүү ишин баштады. 

Мугалим бул окуяга байланыштуу: "Биз ар күнү бала мектептен чыгып чуркап кетпесин деп аларды класска киргиле дейбиз. Мектеп шаардын ортосунда жайгашкан. Эгер бала көчөгө чуркап кетсе жоопкерчилик ата-энеге жүктөлөт. Натыйжада мен баласынын коопсуздугуна кам көргөнүм үчүн анын апасы мени башыма уруп кетти", - деп жазды ал.

Мугалим бул окуя боюнча милицияга кайрылган. Акыркы учурларда окуучулардын ата-энелери мугалимге кол көтөргөн, тилдеп урушкан учурлар көп кезедеше баштады. Ал түгүл 16-февралда Бишкекте мектеп окуучусу 69 жаштагы мугалимге кол көтөрүп, сабалган агай ооруканага түшкөн.

 Агартуу министрлиги жыл башында мугалимге орой мамиле кылган, шылдыңдаган, акарат келтирген окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Ошол эле учурда мектепте мугалимдер балдарга кол көтөргөн окуялар да аз эмес. Жыл башында Бишкектеги мектептердин биринде окуучуну сабаганы айтылган мугалим коомчулуктан кечирим сураган. Көп өтпөй ал кызматынан алынган.

Последние новости