www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран АКШнын тынчтык планын четке какты

Иран АКШнын тынчтык планына кескин жооп кайтарып, ашыкча шарт коюлганын жана Тегеран согушту өзү каалаган учурда, талаптары аткарылганда гана токтоторун билдирди.

Бул тууралуу мамлекеттик Press TV телеканалы кабарлады. Мунун алдында Вашингтон пакистандык ортомчулар аркылуу Тегеранга 15 пунктан турган планын тапшырганы маалымдалган.
Документке америкалык расмий өкүлдөр соңку күндөрдө айтып келаткан негизги талаптар камтылган. Ага ылайык, Иран уран байытуудан жана өзөктүк курал чыгаруудан баш тартууга, баллистикалык ракета программасын токтотууга жана Ормуз кысыгын ачууга тийиш. Бул үчүн АКШнын санкцияларды алып салары убада кылынган.

Иран баллистикалык ракета чыгаруу программасын өнүктүрүүгө укуктуу жана 28-февралда башталган согуштун чордонуна айланган Ормуз кысыгы анын көзөмөлүндө экенин белгилеген.

Тегеран ошондой эле Кошмо Штаттардан Перс булуңундагы аскердик базаларын жабууну, уруштагы кыйроолор үчүн кенемте төлөөнү жана болочокто коопсуздук кепилдиктерин берүүнү талап кылды.
Бир күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон согушту токтотуу үчүн “Ирандагы керектүү кишилер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын” жана ирандык “жогорку өкүл” менен “жемиштүү” сүйлөшүүлөр болгонун билдирген.

Последние новости