www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы Равшан Жээнбеков кыргыз бийлигине кайрылып, өзүнүн камалышы саясий чечим болгонун белгилеп, өлкө жетекчилигине атайын комиссия түзүү керек деген кайрылуусун айтты.
"Мен ойлойм, эгер УКМКда реформа боло турган болсо, бул президент үчүн аябай жакшы мүмкүнчүлүк. Жарандык коомду, оппозицияны пайдаланууга убакыт келди. Ошондуктан, саясий негизде камалгандардын баары эркиндикке чыгышы керек. УКМКнын, Жазаларды аткаруу кызматынын ичиндеги акыркы жылдардагы адам укугу боюнча маселелердин бардыгын атайын комиссия түзүп, президент иликтеп чыкса жакшы болмок. Анткени УКМКнын, Жазаларды аткаруу кызматынын ичинде адам укуктары бузулган көптөгөн учурлар болууда", - деп айтты.
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков бийликке, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин дарегине катуу сын айтып, ал колундагы бийликти ашыкча пайдаланып жатканын айтып келген.
2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2020-жылы жокко чыккан парламенттик шайлоодон кийин башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, үй камагынын талаптарын бузду деген негиз менен 2021-жылдын августунда кайра камалып, кайра декабрь айында Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөрүүлөргө байланыштуу эркиндикке чыккан.
2025-жылдын 3-июнунда Кой-Таш ишине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 7 жыл 8 айга кескен. Ошол күндөн бери камакта отурат.
Жээнбековго Кемпир-Абад иши боюнча да айып тагылган.