www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран парламентинин төрагасы жана АКШ менен сүйлөшүүлөр боюнча делегациянын башчысы Мохаммад Багер Калибаф жаңы билдирүү жасады.

Ал Иран парламентинин онлайн жыйынында сүйлөгөн сөзүндө:

– Биздин дипломатиядагы жоокерлер душмандын сөзүнө жана убадаларына ишенишпейт.

Биз үчүн негизги критерий — конкреттүү жыйынтыкка жетишүү. Ошонун негизинде гана биз өз милдеттенмелерибизди аткарабыз. Иран элинин укуктары камсыз кылынмайынча, биз эч кандай келишимди кабыл албайбыз, - деп айтты. 

Калибаф ошондой эле «душман» бул жаңы этапта улуттук биримдикти экономикалык басым жана медиа аркылуу пропаганда менен бузууга аракет кылып жатканын айтты. Ал муну «бекер кыял» деп атап, күрөш «аскердик тармакта, көчөлөрдө, дипломатияда жана элге кызмат кылууда» уланарын кошумчалады.

Парламент төрагасы улуттук биримдик жана күчтүү куралдуу күчтөр ийгиликтин негизги факторлору экенин белгиледи.

Последние новости