www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы ноябрь айында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы кабарланууда.
Маалыматка ылайык, октябрь айында жарыялануучу социалдык-экономикалык колдоо чаралары өкмөткө болгон ишенимди арттырса, шайлоону эртелетүү маселеси олуттуу талкууланышы мүмкүн.
Партия ичинде бул боюнча бирдиктүү пикир жок. Айрымдар экономикалык абал жакшыра электе шайлоо өткөрүү кооптуу экенин айтса, башкалары айлык акы жана социалдык төлөмдөрдүн көбөйүшү бийликтин рейтингин көтөрөт деп эсептешет.
Акыркы чечим коомдук сурамжылоолордун жыйынтыгына жараша кабыл алынары белгиленүүдө. Ошол эле учурда сурамжылоолорго ылайык, Түркия жарандарынын 60 пайызга жакыны мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү колдойт.