www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Евробиримдиктин Ислам революциясынын гвардия корпусу (КСИР) террористтик уюм деп тааныган чечимине жооп кайтарып, ЕБ өлкөлөрүнүн армияларын террористтик топтор катары тааный турганын жарыялады.
Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибафтын айтымында, чечим КСИРди кара тизмеге киргизүүгө макул болгон Евробиримдиктин бардык мамлекеттерине тиешелүү болот. Анын пикиринде, ЕБ өз калкынын кызыкчылыгына каршы чыгып, АКШга сокур баш ийип жатат. Ошондой эле Иран ЕБ өлкөлөрүнүн аскерий атташелерин өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Арийне, 2019-жылы АКШ КСИРди террористтик уюм деп жарыялагандан кийин, Иран да айрым мамлекеттердин армияларын террордук түзүм катары тааныган.
Ал эми Евробиримдик Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун 2026-жылдын 29-январында террористтик уюм деп тааныды. Чечим Брюсселде өткөн ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында кабыл алынды.