www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун каржылык кыйроо күтүп турганы боюнча БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш коңгуроо какты. Бул тууралуу уюмга мүчө мамлекеттерге жолдогон катында айткан. 

Гутерриш 2025-жылдын аягына карата БУУга болгон карыз рекорддук $1,57 млрдга жеткенин белгилеп, эгер абал өзгөрбөсө, уюм июль айына чейин каражатсыз калышы мүмкүн экенин эскертти.

Чынында каржылык оор абал АКШ БУУнун негизги донору катары ыктыярдуу каржылоону кескин кыскарткандан кийин курчуган. Ошондой эле Вашингтон уюмдун негизги жана тынчтык орнотуу бюджеттерине төлөмдөрдөн баш тарткан.

Мындан тышкары, Дональд Трамп “Тынчтык кеңешин” түзүү демилгесин көтөрүп, ал түзүм БУУну алмаштыра алат деп билдирген. Анын пикиринде, БУУ куралдуу жаңжалдарды жөнгө салууда “пайдалуу боло алган жок”.

Последние новости