www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польша Орусия менен чектешкен чыгыш чек арасын бекемдөөдө жаңы баскычка өтүүдө. Башкача айтканда Орусия менен чектешкен чыгыш чек арасында жогорку технологияларга таянган дрондордон коргонуу тутумун түзүүдө. Бул кадам Польшанын улуттук коопсуздугун гана эмес, жалпы Европанын чыгыш чек арасынын корголушун шарттайт. Бул багытта Варшава 15 миллиардга бааланган ири долбоорду эки жылдын ичинде толук кандуу ишке киргизе турган болууда.
“Дрон дубалы” деп аталып жаткан система салттуу коргонуу чараларынан айырмаланып, технологиялык интеграцияга басым жасайт. Ал радардык көзөмөл, электрондук тоскоолдук жана ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, учкучсуз аппараттарды эрте аныктоо жана нейтралдаштырууга шарт түзөт. Мындай ыкма Польшага чек ара коопсуздугун физикалык тосмолордон тышкары, аба мейкиндигинде да камсыздоого мүмкүндүк берет.
Өкмөт өкүлдөрү бул долбоорду Европада дрон коркунучуна каршы эң өнүккөн жана акылдуу системалардын бири катары баалап жатышат. Бул билдирүү Польшанын акыркы жылдары НАТО алкагындагы ролу күчөп, региондогу негизги коопсуздук оюнчусуна айланып бара жатканын да айгинелейт.
“Дрон дубалы” көп деңгээлдүү коргонуу системасына негизделет. Анын курамына радарлар, электрондук тоскоолдоочу жабдуулар жана чакан ракеталар кирет. Премьер-министр Дональд Туск бул долбоорду Европадагы дрондорго каршы эң интеграцияланган жана интеллектуалдык система деп атады.
Мындай чечим былтыр күзүндө Польшага 20га жакын орус дрону кирип кеткенден кийин жана Европанын башка өлкөлөрүндө да аэропорттор менен аскерий объектилердин жанында белгисиз учкучсуз аппараттар байма-бай байкала баштагандан соң көтөрүлгөн.