www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын маалыматына ылайык, Израиль 8-июнга караган түнү жасалган соккуларда жогорку тактыктагы аэробаллистикалык ракеталарды колдонгон. Мындай курал дүйнөдөгү саналуу гана өлкөлөрдүн армиясында бар.

Аэробаллистикалык ракеталар учактан учурулуп, өтө чоң ылдамдыкта бутага жетет. Адистердин айтымында, алар абадан коргонуу системалары үчүн чоң коркунуч жаратат, анткени мындай ракеталарды кармоо кыйыныраак.

Чет элдик маалымат каражаттары Израилдин арсеналында Rafael компаниясынын Rocks жана Sparrow (Анкор), ошондой эле Rampage сыяктуу аэробаллистикалык ракеталары бар экенин жазып келишет. Өзгөчө Rampage ракетасы абадан коргонуу системаларын жана жакшы корголгон объектилерди жок кылууга ылайыкталган.

Израиль бул ракеталарды согуштук шартта колдонгонун расмий түрдө тастыктаган эмес. Бирок маалыматтарга караганда, мындай куралдар алыскы аралыктан так сокку урууга жана душмандын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн айланып өтүүгө жөндөмдүү.

Последние новости