www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Аль-Жазира» телеканалы Иран Украинанын борбору Киевге дрон же ракета менен сокку урушу мүмкүн экенин жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Тегеран менен Киевдин аралыгы 2 миң чакырымга жетпейт, бул аралыкты Ирандын айрым учкучсуз учактары жана ракеталары басып өтө алары айтылган.
Бул божомол Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Каспий деңизиндеги ирандык соода кемесине жасалган чабуулду айыптап, бул окуя жоопсуз калбай турганын билдиргенден кийин айтылууда.
Эске салсак, маалыматтарга ылайык, Каспий деңизиндеги Ирандын соода кемесине кол салуудан 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган. Украина бул маалымат боюнча расмий позициясын жарыялай элек.