www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарында айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган объект буздурулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, Каракол шаарында айыл чарба багытындагы 450 чарчы метр жер тилкесине укук ырастоочу жана тиешелүү уруксат берүүчү иш-кагаздарсыз, ошондой эле жердин максаттуу багытын бузуу менен турак үй куруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган.
Прокуратура тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте көрүлгөн чаралардын натыйжасында мыйзамсыз курулуш алынып салынып, жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.