www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран менен АКШ бир катар маселелерди чечүүдө ийгиликке жетишти, бирок эки-үч маанилүү тема боюнча пикирлер келишпей калгандыгына байланыштуу сүйлөшүүлөр келишим түзүүсүз аяктады. Бул тууралуу республиканын ТИМ өкүлү Эсмаил Багаи билдирди.
Анын айтымында, АКШ менен сүйлөшүүлөр ишенбөөчүлүк кырдаалында өттү жана биринчи эле жолугушууда келишимге жетишилет деп эч ким күткөн эмес.
Багаи Иран элдин улуттук кызыкчылыктарын коргошу керектигин жана Пакистан, ошондой эле башка аймактык союздаштары менен консультацияларын уланта турганын баса белгиледи.
Ал ортодо, АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс иран тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийинки пресс-конференцияда, АКШ азырынча Иран менен өз ара түшүнүшүүгө жетише электигин жана Америкага кайтып келерин билдирди.