www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран менен Кытайдын 25 жылдык мөөнөткө эсептелген талаш-тартыштуу эки тараптуу келишимине 27-мартта кол коюлаары күтүлүүдө.

Келишимдин биротоло чоо-жайы ачыктала элек, бирок ага Ирандын отун-кубат жана инфратүзүм тармактарына Кытайдын капиталдык салымдары камтылаары күтүлүүдө.

Кытай – Ирандын башкы соода өнөктөшү. АКШнын чектөөлөрүнөн улам кескин кыскарган Ирандын чийки заттарын тышка чыгаруу жүрүмүндө Кытай эми негизги базарга айланган.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Сайид Хатибзаде 27-мартта билдиргендей, эки тараптуу келишим «саясий, стратегиялык жана экономикалык» өңүттөрдү өзүнө камтыйт.

Хатибзаденин айтымында, Кытай тараптан келишимге иш сапары менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ваңг И кол коёт. Ал 26-мартта кечке жуук Тегеранга келген.

Ирандын расмий өкүлдөрү бул келишимди Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин 2016-жылдын январь айында Иранга жасаган сапарында сунуш кылган деп билдиришти.

Ирандыктар расмий Тегеран Бээжинге өтө эле көп нерсени тарттырып жибериши мүмкүн деген кооптонуудан улам расмий бийликтер болочокку келишимдин чоо-жайын калайыктан жашырып жатышат деп айыптап чыгышты.

Акыркы жылдары АКШнын Тегеранды бөлүндүдө калтыруу багытындагы кысымынын күчөшүнө байланыштуу Иран бийлиги Кытайга көбүрөөк ыктай баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости