www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артём Новиков тапшырманы аткарбаган министрин зекиди

Биринчи вице-премьер Артём Новиков Саламаттык сактоо министрлигине Республикалык штаб берген бир катар тапшырмаларды аткарбай жатканына нааразы болду.

Бүгүн, 27-мартта Новиков өкмөттө жыйын өткөрүп, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу министрликке бир катар тапшырмаларды берген.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штаб берген бир катар тапшырмаларды аткарбай жатат. Ведомство биринчи кезекте медицина мекемелеринин дары-дармек, коргонуучу каражат, жабдуу менен камсыздалышын көзөмөлдөшү керек. Министрлик мындай ишти үзгүлтүккө учуратпай жасап турушу шарт. Бул күн сайын жасалчу иш. Штаб мындай тапшырмаларды сөзсүз айтып турушу керекпи? Көңүл кош мамиле жасабагыла. Ар бир жетекчиден жоопкерчиликти сезүүсүн өтүнөм. Былтыркы каргашада кетирилген кемчиликтерден сабак алалы», — деди Новиков.

Биринчи вице-премьер Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги оорулуулардын көбөйүшү ыктымалдуулугунан улам медицина мекемелеринин даярдыгын дайым текшерип турушу шарт экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости