www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо үчүн ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунан кредит алуу боюнча кыргыз өкмөтү келишим түздү. Документке Кыргызстандын вице-премьери Улукбек Кармышаков кол койду.

Экономика жана финансы министрлигинин билдирүүсүнө караганда, насыянын көлөмү 10 миллион долларды түзөт.

Каражат Балыкчы — Каракол автожолунун узундугу 80,5 чакырымды түзгөн Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки бөлүгүн реконструкциялоонун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат. Реабилитациянын жыйынтыгында Корумду — Балбай баатыр жолу эл аралык маанидеги төрт тилкелүү унаа жолуна айланат (II техникалык категориядагы). Ошондой эле тротуарларды, суу агуучу лотокторду, жарык берүүчү лампаларды, велосипед жолдорун куруу каралган. Долбоорду бүтүрүү 2025-жылдын аягына пландалганы айтылды.

Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки жолду реабилитациялоонун жалпы суммасы 128 миллион долларды түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган долбоорду каржылоо үчүн Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 35 миллион доллар кредиттик каражатты жылына 1 пайыз менен 25 жылга алган.

Калган 93 миллион долларды башка эл аралык уюмдардан насыяга алуу пландалган эле. Анын ичинен болгону 12,1 миллион долларын кыргыз өкмөтү каржылай турганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости