www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлектеги оорукананын азыркы абалына мышык ыйлайт

Интернет колдонуучу Ханбийке Асанова социалдык баракчасына Лейлек районундагы оорукананын азыркы абалына нааразы болуп, сүрөт жүктөдү. 

--“Бүгүнкү күндө катардагы мамлекеттик оорукананын абалы! Бул жерден адам айыкпай эле зээниң кейип жатып өлүп чыкчудай. Санитардык талапка да жооп бербейт! Кыскасы мышык ыйлагыдай...

Акчанын аздыгына, иштеген жеринен абалына карабай иштеген кызматкерлерге таазим жана даңк! Аллахым эки дүйнө ыраазы болсун!

Патриот эжелерим менен ушул маселени колго алып чечүүнүн үстүндө турабыз.

Ремонттоп оңдоого болбойт экен анткени СССРдин убагындагы мекеме болгондуктан чириги жетиптир. Эгерде ким кошулуп көмөктөшөм десе эшигибиз 24 саат ачык.

Баса шайлоо десе эл керек болуп баса калбай же рекламалап койчу деп резюме жөнөтө калбай келгиле! Калп эле ач кыйкырык салып чала патриот болуп, анча-мынча келген инвесторлорго "ДОЛЯ"га отуруш үчүн буту күйгөн тооктой чуркабай ушундай ишке да айгай салып жүгүргүлө! Элге кызмат кылып дубасына кошуп добушун алгыла!

Демилге көтөрүп чыккан эжелеримден өтө чоң кечирим сурайм. Уруксаты жок сүрөттөрүн чыгарып койгонум үчүн.

Кечиргиле эжелерим көөдөнүм чыдаган жок”, - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости