www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кендердин бардыгы коррупциялык жолдор менен берилген”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Кумтөр казынага салык катары жана башка милдеттүү төлөмдөр үчүн 10.2 млрд сом төккөнү айтылган. “Центерра Голд Инк” 9 айда казылган 465 миң 734 унций алтынды 885 млн долларга сатты. Мында өндүрүштүк чыгымдарын эсептесек, Кумтөрдө 1 унций алтынды казып алуу үчүн мамлекетке төккөн салыктарды кошо эсептегенде 553 доллар каражат сарптайт. Демек, “Центерранын” 14,5 тонна алтынды казып алуу үчүн кетирген чыгымы 257 млн 550 миң доллар болот. Мына ошондо компаниянын өздүк таза кирешеси 627 млн АКШ долларын түзөт. Муну улуттук валютага айландырганда 53 млрд 324 млн сом. Азыр биринчи кезекте Кыргызстан бул ашкере кирешеден тийиштүү үлүшүн алышы керек. Андан кийин, Кумтөрдүн жана башка кендердин тагдырын кароого киришүү керек. Бул кендердин бардыгы коррупциялык жолдор менен берилген”, - дейт коомдук ишмер.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости