www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 26-мартта саат 22:30да Бишкек ШИИББдин «102» кызматына Бейшеналиева көчөсүндө адамдар чогулуп, жашоочуларга тынчтык бербей жатышат деген чакыруу келип түшкөн.

Алдын ала маалыматка караганда, алар «Дордой» базарынын сатуучулары экени болжолдонууда.

Жерине Биринчи май РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана кайгуул кызмакткерлери барышкан. Аларга Б.А. аттуу аял киши арыз менен кайрылып, анын тигүү цехине келип, Тажикстандын жарандарына кийим тигип бербөөнү талап кылган белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган.

Тажикстандын жарандары арыздануучунун цехинде тигилген кийимдерди Орусияга экспорттойт.

Аталган факт Биринчи май РИИБдин №5 шаардык милиция бөлүмү тарабынан КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Төмөнкү адамдар милиция бөлүмүнө жеткирилди: 1992-жылы туулган Ж.И., 1975-жылы туулган Т.Н., 1977-жылы туулган М.К., 2002-жылы туулган Т.Б., 1977-жылы туулган А.Г. жана 1993-жылы туулган З.Ж.. Алар өздүгү аныкталып, күбө катары суралгандан кийин бошотулду.

Учурда тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости