www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран өз өндүрүшүндөгү учак тетиктерин жана башка жабдыктарды Орусияга экспорттойт. Бул тууралуу ирандык бир катар агенттиктер жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, макулдашууга ислам республикасынын Жарандык авиация уюмунун жетекчиси Мохаммад Мохаммади-Бахш менен Орусиянын транспорт министринин орун басарынын жолугушуусунда жетишилди. Москванын өкүлүнүн аты аталган жок.
Тараптар ошондой эле Иран орустардын учактарын ремонттоого жардам берет деп сүйлөшүштү.
IRNA жана MEHR агенттиктери маалымдагандай, 26-июлда Тегеранда өткөн кездешүүдө жарандык авиация жаатындагы келишимдер боюнча макулдашып, эки өлкө ортосунда аба каттамдары көбөйтүлмөй болду.
Орусиянын ТАСС агенттиги жетекчилер эки тараптуу байланыштарды өөрчүтүү жөнүндө макулдашканын жазды.
19-июлда орус президенти Владимир Путин Тегеранда Ирандын лидерлери менен жолугуп кеткен.
Батыш киргизген санкциялар орус авикомпанияларына учактарды, тетиктерди жана жабдыктарды сатууга тыюу салган. Иран өзөктүк программасына байланыштуу көп жылдан бери эл аралык катаң санкциялардын шартында жашап келет.
Тегеран өзөктүк ишмердиги тынч максаттарды гана көздөй турганын айтууда.
Булак: NazarNews.kg