www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аткаминерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы спорт залды курууда иш жүзүндө аткарылбаган иштерге мыйзамсыз акча которгондугу аныкталган. Жыйынтыгында мамлекетке 4 миллион 473 миң сом зыян келтирилген.

"Аталган факты боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости