www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Доналд Трамп “Иран менен АКШ тынчтык келишимин түзүүгө жетишип, 19-июнь кунү эки өлкөнүн өкүлдөрү Женевада кол коет” деп билдирди. Ага ылайык, америка өнөктөш өлкөлөр менен бирге Иранга 300 млрд доллар каражат бөлөт. Басма сөзгө жарыяланган маалыматта, мындай каражат АКШны так секирткен имиш. Бирок, Пакистандын премьер министри Шахбаз Шериф Трампты ынандырганы, натыйжада, бул акча Катардын чөнтөгүнөн чыкмак болгону айтылууда.
Белгилүү болгон дагы бир маанилүү нерсе, келишим соңуна чыгалекте эле Ирандын тоңдурулган 20 млрд доллары ээсине кайтарылмак болуп туру. Муну менен эле калбай, америка куралдуу күчтөрү 30 күн ичинде Ормуз кысыгынын көзөмөлүн Иранга өткөзуп берип, аймактан кетет.
Ал эми 9-пункутта расмий Тегеран байытылган урандын өндүрүшүн чектейт. Биротоло “токтотот же, көз карандысыз комиссия көзөмөлдөйт” деген жери жок. Ирандын ядролук курал жасап, жасабай турганы боюнча бир келишим түзүлгөнү анык. Арийне, ракеталардын өндүрүшүн токтотуу боюнча атайын пункут каралган эмес.
Трамп согушка аттанып жатып, молдолордун режимин алмаштырууга, Иранда байытылган уран өндүрүшүн жок кылууга, күйүүчү кен байлыктарын ээлеп алууга, ракеталардын өндүрүшүн токтотууга, бүтүндөй Ормуз кысыгын көзөмөлдөөгө ант ичпеди беле...
Үлкөн держава алгачкы жеңилгисин, Тегерандагы мектептердин биринде 200 дөн ашык өспүрүм өлтүрүлгөн күнү жашаган. Ошондон бери бейкүнөө адамдар гана өлдү. Жеңиштин карааны Ыраакы Чыгышта көрүнгөн жок.
Трамп араң жетишкен тынчтыкка Израил эмне дейт? Ирак менен Сириядагы күрттөр кимдин кол чатырында корголойт, Сирия лидери Ахмад аш-Шара дагы канча жыл ордунда калалат? Ливиянын тагдыры эмне болот? Кыскасы, аймакты атайын быкшытып, күлүн сапырып атышат. Азырынча, ал жердин активдүү саясий оюнчусу бир гана Түркия.
Манас Осмон