www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 17-19-июнь күндөрү Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында эки өлкөнүн президенттери жолугушуп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелери каралат.
Белгиленгендей, Албания президентинин Кыргызстанга бул сапары кыргыз-албан мамилелеринин тарыхындагы алгачкы расмий визит болуп саналат. Тараптар бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешүүдө.

Последние новости