www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыюу салынган интернет-контентти таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдарына Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде интернет аркылуу тыюу салынган мүнөздөгү материалдарды таратуу менен байланышкан мыйзамсыз иш жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган С.К. аттуу жаран кармалды. Тинтүү жүргүзүү учурунда тергөө үчүн маанилүү болгон техникалык түзүлүштөр жана башка буюмдар алынды.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдарды тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости