www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын дрону Сауд Арабиянын Рас-Танур шаарындагы «Saudi Aramco» мунай иштетүүчү заводуна сокку уруп, объектте өрт чыкты. Бул тууралуу "Semafor" кабарчысы Анхел Мартинес Х социалдык тармагына жазды.

Дрондун чабуулу тууралуу түрк гезити "Sözcü" да жазган. "Business Recorder" жана "India Today", "Reuters" агенттиктери булакка шилтеме берип билдиргенине караганда, заводдун иши токтоду. Кырдаал көзөмөлдө.

"Saudi Aramco" Сауд Арабиянын улуттук мунай зат компаниясы, дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү. Компания өлкө бюджетинин дээрлик 80% түзөт. Штаб-квартирасы Дахранада жайгашкан. 2021-жылы "Forbes Global 2000" дүйнөлүк ири компаниялардын тизмесинде бешинчи орунду ээлеген.

2-мартка караган түнү Иран Иракта жайгашкан НАТОнун "Виктория" базасына да чабуул койгон. Жалпысынан ирандык соккулар Жакынкы Чыгыштагы 27 америкалык базага, ошондой эле Израилдин Коргоону армиясынын командачылыгынын имаратына жана Тель-Авивдеги коргону комплексине багытталган.

Последние новости