www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Bloomberg басылмасы Жакынкы Чыгышта согуштун дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирин баалоодо, Кытай потенциалдуу жоготуучу өлкөлөрдүн көч башында болорун жазды.

Маалыматка ылайык, негизги таасир каналы катары нефть каралууда. Brent маркасындагы нефтьтин баасы 13% өсүп, 82 доллардан ашты. Эгер Ирандан нефть жеткирүү толугу менен токтосо, баалар дагы болжол менен 20%га көтөрүлүшү мүмкүн. Ормуз кысыгы жабылган учурда, бир баррел нефтьтин баасы болжол менен 108 долларга жетет.

Натыйжада нефтьти көп импорттогон Кытай, Европалык Биримдик жана Индия өлкөлөрү көп жабыркай турганы айтылды. Валюталык резервдери аз өлкөлөрдө (Аргентина, Шри-Ланка, Пакистан, Түркия) капиталдын чыгып кетүү жана улуттук валюталардын наркынын түшүү коркунучу жогорулайт. АКШда болсо күйүүчү май бааларынын өсүшү керектөөчүлөргө терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Ал эми мындай кырдаалдан нефть экспорттоочу Россия, Канада жана Норвегия өлкөлөрү жакшы пайда көрүшү мүмкүн. Баалардын өсүшү фонуна Кытай жана Индиянын Россиянын нефтиге суроо-талапты көбөйтүүсү Москванын позициясын дагы бекемдейт.

Бирок, бул жагдай АКШ менен Кытайдын мамилесинин кескин начарлашын курчутуп, кошумча коркунучка кептей турганы дагы коңгуроо болуп кагылууда. Учурда Пекин Вашингтондун аракеттерин кескин айыптап, “суверендүү өлкөнүн лидерин ачык өлтүрүү жана режимди алмаштыруу кабыл алынгыс” деп белгиледи. АКШ менен Кытайдын чыңалуу деңгээлинин өсүшү инвесторлорду тынчтандырган соода келишиминин бузулушу коркунучун жаратат.

Последние новости