www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул боюнча Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган телефондо Сириядагы акыркы кырдаалдар тууралуу сүйлөшүүсүндө макулдашышты. Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады.
Үч өлкөнүн президенттеринин катышуусундагы жогоруда аты аталган жыйындын биринчи айлампасы 2017-жылдын 1-декабрында Орусиянын Сочи шаарында өткөн эле.
Кезектеги жыйында Африн, Идлиб аймактарындагы кырдаал жана “Зайтун бутагы” операциясы тууралуу маселелер каралмакчы. Ошондой эле Сириянын Идлиб шаарында кулап түшкөн Орусиянын Су-25 учагы тууралуу да талкуу болот.
Эскерте кетсек, шейшемби күнү Жебхат ан-Нусра террорулары кулап түшкөн учактын сүрөтүн жарыялоо менен Орусиянын Су-25 маркасындагы бир учагын бутага алышканын жана анын эки учкучу каза тапканын билдиришкен.
Мындан тышкары Эрдоган менен Путин телефондо сүйлөшүүсүндө Сириядагы деэскалациялык аймактарга мониторинг жүргүзүү максатында жүргөн Түркия менен Орусиянын куралдуу күчтөрү ок атууну токтотууну бузуп жаткан террордук топторго каршы кызматташууну күчөтүүлөрү зарыл экенин баса белгилешти.
Булак: ca-irnews.com