www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Тышкы иштер министрлиги мекендештерге кайрылуу жасап, чыр-чатактын курчушуна байланыштуу аларды Украинадан чыгып кетүүгө жана өлкөгө барбоого чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.
"Украинадагы курчуп, туруксуздуктун күчөшүнө байланыштуу Ирандын бардык жарандарына бул өлкөгө баруудан баш тартуу сунушталат. Ошондой эле Украинада жашаган бардык ирандык жарандарга өз өмүрүн жана коопсуздугун сактоо үчүн өлкөдөн чыгып кетүү сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
Болжол менен бир жума мурун Орусия Украинанын аймагына массалык соккуларды баштаганда бир катар өлкөлөр жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырган.
Украинанын ири шаарлары, анын ичинде Киев 10-октябрдын таңында ири ракеталык чабуулдарга дуушар болгон. Бийликтер жабыркагандар тууралуу маалымат берүүдө. Орусия "Украинанын энергетикалык, аскерий башкаруу жана коммуникация объектилерине так башкарылган курал менен массалык сокку урганын" билдирди.
Булак: NazarNews.kg