www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунда жөө жүрүш өтүп, анын катышуучулары Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы экенин билдиришти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Бүгүн, 21-октябрда Кызыл-Октябрь жана башка айылдардын тургундары Кемпир-Абадды коңшу Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү талап кылып, Куршаб айылынан Өзгөнгө чейин жөө жүрүшкө чыгышты. Алардын айтымында бул жер кыргыз жери жана аталган суу сактагычка дарыялар Кыргызстандын аймагынан куят.
Эске салсак, келишим долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берет. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин айтымында, суу ресурстарын эки өлкө тең башкарат. Кыргызстан анын ордуна 19 миң гектардан ашык жерди алат.
Булак: NazarNews.kg