www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран 2023-жылы жазга чейин кеминде эки "Nahid 1" жана "Nahid 2" спутнигин космоско учурат.
Бул тууралуу Ирандын маалымат жана коммуникация технологиялар министри Иса Зарепур IRNA агенттигине берген маегинде билдирди.
"Бул эки спутник даярдалып жатат жана биз жылдын аягына чейин (иран календары боюнча жыл аягы жазга, 2023-жылдын 21-мартына туура келет - ред.) биз аларды учурабыз деп үмүттөнөбүз", - деди Зарепур.
"Nahid" сериясындагы спутниктер Ирандын Космос изилдөө институту тарабынан курулган телекоммуникация спутниктери. "Nahid" спутниги биринчи жолу 2015-жылдын февраль айында көрсөтүлгөн.
Ирандын космостук программасы
Тегеран космостук программа боюнча ишти 2000-жылдардын орто ченинде баштаган, тагыраагы, Иран космосту багындырат деген алгачкы билдирүүлөр 2007-жылы пайда болгон.
2010-жылы Иран космоско тирүү жандыктар бар "Кавешгяр-3" деп аталган космостук ракетасын учурган. Ошондо да Вашингтон тынчсызданып, АКШ президентинин администрациясынын өкүлү Билл Бертон “мындай учуруу - ачык-айкын провокациялык акт” деп атаган.
Ракетага тирүү жандыктарды космоско жеткирүү үчүн атайын жасалган “эксперименталдык капсула” коюлган. Анда чычкан, таш бака жана курттар болгон. Республиканын ошол кездеги президенти Махмуд Ахмадинежад тирүү жандыктарды космоско учуруу, аларга эксперимент жүргүзүү жана кайра Жерге кайтып келүүсү чоң мааниге ээ экенин салтанаттуу түрдө билдирген.
“Биз 500 километр бийиктиктеги орбитага спутник чыгарганы жатабыз. Кийинки этаптар 700 жана 1000 километрди түзөт. Миң километрдик орбитага жетүү ар кандай бийиктиктерди багындырууга мүмкүндүк берери белгилүү”, - деп баса белгилеген Ирандын президенти.
Бирок, кийин космостук программа тууралуу кептер басаңдап, 2019-жылдын экинчи жарымында Иран космостук программасын кайрадан жандандыра баштаган.
Булак: NazarNews.kg