www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран жансоога сурады – Трамп

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандагы 90го жакын аскердик объект бутага алынганын билдирди. Соккулар абадан коргонуу системаларына, ракета жана дрон кампаларына, деңиз объектилерине жана башка аскердик инфраструктураларга багытталган.

АКШ бул аракеттерди Ирандын Ормуз кысыгындагы соода кемелерине жасаган чабуулдарына жооп катары түшүндүрдү. Буга чейин дагы 80ге жакын аскердик объект, анын ичинде Ирандын Куралдуу күчтөрүнө таандык ондогон чакан кайыктар жок кылынганы айтылды.

АКШ президенти Дональд Трамп Иран өкүлдөрү байланышып, жаңы келишим түзүүгө кызыкдар экенин билдиргенин айтты. 

- Алар мага бир аз убакыт мурун телефон чалышты. Алар абдан келишим түзүүнү каалап жатышат. Мен алар мындай келишимге татыктуубу же жокпу, билбейм, - деди Трамп.

Ошондой эле, Иран кайрадан соода кемелерине чабуул жасаса, АКШ мындан да катуу жооп кайтарарын эскертти.

Последние новости