www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүү аракеттерин аныктап, бөгөт коюшту.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажы постунун кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын башынан бери жүргүзүлгөн биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө бир катар фактылар аныкталган.
Анын жыйынтыгында 14 чет өлкөлүк жаран кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 600 даана таблетка, 150 даана капсула жана 10 даана спрей алынган.
Учурда кармалган фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
ИИМ жарандарга эскертет: баңгизаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, прекурсорлорду жана күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз алып кирүү, сактоо, ташуу, даярдоо же сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет.