www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгерде АКШ тарабынан кеңири масштабдагы аскердик коркунуч жаралса, Иран өзүнүн өзөктүк доктринасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, ошондой эле Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимден чыгышы мүмкүн.
«Аль-Маядин» телеканалына Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын өкүлү Ибрагим Раиси билдирген.
Анын айтымында, эгер АКШ тараптан кеңири масштабдагы аскердик коркунуч пайда болсо, Иран жооп чараларынын бири катары Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимден чыгуу мүмкүнчүлүгүн карай алат.
Ошондой эле ал расмий Тегеран Ирандын мамлекет катары жашап турушуна коркунуч жаралганын сезсе, өлкөнүн өзөктүк доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Ибрагим Раиси ошондой эле Иран аймактагы акыркы согуш учурунда өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн басымдуу бөлүгүн колдонбогонун билдирди. Ал АКШнын президенти Дональд Трампты колдогон Перс булуңундагы өлкөлөргө кайрылып, өздөрүнүн мунай жана газ кендеринин коопсуздугу тууралуу ойлонууну сунуштады.