www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында чет өлкөлүк жарандар арасында мыйзам талаптарын сактоо боюнча профилактикалык жолугушуу өттү.

Иш-чарага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Патрулдук милиция кызматынын өкүлдөрү жана Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Жаркын Токторбаев катышты.

Жолугушууда мамлекеттик ипотекалык курулуш объектилеринде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүрүү, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартиби, миграциялык мыйзамдардын талаптары жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле патрулдук милиция кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маалымат берип, жол эрежелерин сактоого чакырышты.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1–31-июль күндөрү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык-укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу тартиптин талаптары түшүндүрүлүп, мыйзамга ылайык өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салуу сунушталды.

Ички иштер органдары мындай профилактикалык иш-чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу максатында улантыларын билдиришти.

Последние новости