www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл районунда рейд өткөрүштү.

Текшерүү иштери Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Корумду айылдарынын аймагында жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө көлдүн жээгинен мыйзамсыз орнотулган кытай өндүрүшүндөгү 300 метр синтетикалык балык уулоочу тор табылып, алынган.

Ошондой эле жээк тилкесинен 30 килограмм тиричилик калдыгы тазаланды.

Инспекторлор жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга балык уулоо эрежелерин сактоо, тыюу салынган синтетикалык торлорду колдонбоо жана жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жаратылыш министрлиги жарандарды айлана-чөйрөнү коргоого, суу ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого чакырды.

Последние новости