www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Маданият министрлигинин ислам баалуулуктары боюнча жооптуу кызматкери Реза Цагати интернетте анын эркек менен интимдик байланышта болгон видеосу пайда болгондон кийин кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Iran International билдирди.
Окуянын чоо-жайы иликтенип бүткүчө Цагати ээлеген кызматынан четтетилди.
Ислам маданияты департаменти иш "укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө берилгенин" айтып, видеону "Ислам революциясынын даңазалуу маданий фронтун алсыратууга" колдонбоого үндөштү.
Реза Цагати Гилян провинциясынын (Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан жана Азербайжан менен чектешет) Ислам маданияты башкармалыгынын башчысы.
Иранда гомосексуалдык мамилелерге мыйзам тарабынан тыюу салынган, бул үчүн эң жогорку жаза өлүм жазасы. Ошол эле учурда Иранда жынысын алмаштыруу операцияларына расмий уруксат берилген. 1983-жылы өлкөнүн ошол кездеги лидери аятолла Хомейни жынысын алмаштыруу исламга каршы келбейт деп фатва чыгарган.
Булак: NazarNews.kg