www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Аланья шаарында казакстандык туристтерди ташыган экскурсиялык кичи автобус жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди.
Туристтик кичи автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 12 адам жабыркаган.
Белгилүү болгондой, рулду башкара албай калган автобустун айдоочусу жүк ташуучу унааны артынан келип сүзгөн. Каза болгондор — автобустун айдоочусу (түрк) жана гид (украин). Жаракат алган 12 адамдын ичинен алты киши оор жаракат алып, Алания жана Манавгаттагы ооруканаларга жаткырылган.
Кийинчерээк Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров бүгүн эртең менен Аланияда кичи автобус менен жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы болгонун тастыктады.
"Кагылышуунун кесепетинен жабыркагандар бар. Алдын ала маалыматтар боюнча автобуста Казакстандын жарандары болгон. Бардык жагдайларды жана мекендештерибиздин абалын тактоо үчүн консул дароо бул аймакка жөнөп кетти", — деди Смадияров.
Булак: NazarNews.kg