www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында "Жамиат Улема-е-Ислам" партиясынын курултайында болгон жардыруудан каза болгондордун саны 40ка жетти. Бул тууралуу жекшемби күнү, 30-июлда Geo News каналы билдирди.
Каза болгондордун арасында жергиликтүү партиянын лидери да бар экени, ал сөз сүйлөп жатканда жардыруу болгону белгилүү болду.
"Жекшемби күнү Бажаурдагы курултайда болгон жанкечтинин жардыруусунан кеминде 40 киши, анын ичинде Жамиат Улема-е-Исламдын жергиликтүү лидери набыт болду", — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, Хайбер-Пахтунхва полициясынын башкы инспектору Ахтар Хаят Хан жардыруу жанкечтилик кол салуу болгонун тастыктады. Ал жардыруу үчүн 10 кг жардыргыч зат колдонулганын кошумчалады. Учурда тергөөчүлөр жардыруу болгон жерде далилдерди чогултуп жатышат.
Ошондой эле жарадарлардын арасында Geo News телеканалынын оператору бар экенин, анын абалы оор экени айтылды.
Жардыруу эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 17:00) "Жамиат Улема-е-Ислам" партиясынын курултайы учурунда болгон. Маалымат министри Фироз Шах Джама 200дөн ашуун жарадар болгонун билдирди.
Пакистандын тышкы иштер министри Билавал Бхутто-Зардари жардырууну айыптап, курман болгондорго көңүл айтты. Ал федералдык жана Хайбер-Пахтунхванын өкмөттөрү террористтердин колдоочуларын жоопкерчиликке тартууга тийиш деп билдирди.
Булак: NazarNews.kg