www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда бир күндө үч аял дарга асылды

Иранда ушул аптанын шаршемби күнү үч аял дарга асуу жолу менен жазага тартылганын бул өлкөдөгү адам укугун коргогон уюм кабарлады.

Аялдардын баары күйөөсүн өлтүрүүгө айыптуу деп табылган, бирөө жашы жете элек кезде турмушка чыккан.

Узап бараткан бир эле аптада Иранда 23 адам өлүм жазасына тартылды. 2022-жылдын башынан бери жалпы 250дөн ашык киши дарга асылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп.

Адам укугун коргогон уюмдар Ирандын соттору киши өлтүрүү өзүн-өзү коргоо максатында жасалганын жеңилдетүүчү шарт катары карабай жатканын сынга алууда. Бул кылмышка үй-бүлөдөгү көп жылдык зомбулуктар алып келиши мүмкүн экени жана ал кыздар өзүнүн макулдугусуз, жашы жете элек кезде турмушка узатылгандыгы да эске алынбай калууда.

Иранда өлүм жазасы жылдан жылга көбөйүп баратат. Норвегиядагы “Ирандагы адам укуктары" (IHR) уюму менен Франциядагы “Баарыбыз өлүм жазасына каршы” (ECPM) уюмунун биргелешкен баяндамасында көрсөтүлгөндөй, 2021-жылы бул өлкөдө кеминде 333 өлүм жазасы аткарылган, мунун 17си аял болгон. Укук коргоочулар ошол эле маалда бул жазанын 16,5% гана коомчулукка ачык жарыяланарын белгилешет.

Өлүм жазасына тартуу өкүмү Иранда адатта көпчүлүк өлкөлөрдө жеңил эле жаза берилген кылмыштарга байланыштуу. Мындан сырткары “кудайга шек келтирди” деген сыяктуу диний негиздер боюнча да кабыл алынат. Көбүнчө мындай айыптарга саясий каршылык билдиргендер жана саясий активисттер да өз ишмердүүлүгүнө байланыштуу илешип калышы мүмкүн.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму акыркы жылдары Иранда өлүм жазасы кескин көбөйүп кеткенине камтамачылык билдирип келет. 

Последние новости