www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, Кыргызстандын эли тарыхый окуяга күбө болду. Мындай пикирин доцент, юридика илимдеринин кандидаты Темирбек Нурматов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, баштапкы келишим боюнча Кумтөр 2000-жылы эле Кыргызстандын менчигине өтүшү керек болчу.

«Бул маселе 22 жылдан кийин гана чечилди. Өлкө мыйзамдуу түрдө кенге болгон укугун далилдей алды. Бул процесстин жүрүшүндө Юстиция министрлиги менен Жаратылыш ресурстары министрлиги чоң тажрыйбага ээ болуп, ири чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана иш алып барууда өздөрүнүн дараметин көрсөтө алышты”, - дейт эксперт.

Эске салсак, 2022-жылдын 29-июлунан тартып Кумтөр кени толугу менен республиканын менчигине өттү. Ошол эле, учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылган. 

- Мындан тышкары, Центерра болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденддерди төлөйт.

- «Центерра» тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм да макулдашылды.

- Кыргызстан Кумтөр кенин рекультивациялоо фондун башкарууну өзүнө алды. Бул болжол менен 53 миллион АКШ долларын түзөт. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.

- «Центерра» кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн). 

Булак: NazarNews.kg

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги, материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана берилет.

 

Последние новости