www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Психолог бир күн бою күүлүү-күчтүү жүрүүнүн сырларын айтты

Адамга энергия менен күчтү биринчи кезекте толук кандуу уйку берет. Организм максималдуу түрдө эс алсын десеңиз түндө сегиз сааттан кем уктабаш керек. Бул тууралуу психолог Наталья Лапшичеванын айтымына таянып РИА Новости жазды.

"Белгилүү бир убакытта уктап көнгөн оң. Эгер адам саат 22:00гө чейин жатса, анда ал бат уктап калат дагы организм жакшы эс алат. Биологиялык саатты эч ким жокко чыгарган эмес. Ошондуктан дал ушул убакытта уктаса, серотонин менен мелатониндин деңгээли жогорулайт. Саат 22:00дөн таңкы 4-5ке чейинки убакыт уйку үчүн эң сонун маал", — деген адис.

Психолог убагында жатууга мүмкүнчүлүгү болбогон адамдарды күндөлүк жазууга чакырган.

"Адам ачкан күндөлүгүнө энергиясы кимге, кайда кетип жатканын жазышы керек. Ошондой эле аны кимден, эмнеден аларын да белгилегени туура", — деген ал.

Лапшичева күндөлүккө энергия, күч-кубат берген тамак-аш, адаттарды да кошуп жазуу керектигин, кийин аны текшерип, байкап көрүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости