www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада сегиз адам каза болгон өрт менен байланыштуу жатакананын жетекчилиги кармалганын борбор калаа боюнча Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын сайтында билдирилди.
«Россия Федерациясынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 91-беренесине ылайык, уюмдун 55 жаштагы негиздөөчүсү жана 24 жаштагы башкы директору кармалып, алар менен керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, алардын үйлөрү да тинтүүгө алынган.
Өрт Алма-Ата көчөсү, 7-үй, 2-корпус дарегинде жайгашкан жатаканада чыккан. Өрт тууралуу маалымат 28-июль күнү түнкү саат 00:00 чамасында түшкөн. 16 кабаттуу турак үйдүн биринчи кабаты күйүп кетти. Өрт болжол менен 150 чарчы метрди каптады. Үйдөн 200дөн ашуун адам эвакуацияланган. 29-июль күнү саат 00:21де өрт локализацияланып, саат 00:47де толук өчүрүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин метро башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Андрей Румянцев коноктор терезеге орнотулган темир торлордон улам сыртка чыга албай калганын билдирди. Кошумчалай кетсек, жатакананын өрт сигнализациясы да иштеген эмес. Өрттөн каза болгондордун баары мигранттар экени айтылган.
Булак: NazarNews.kg