www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Орусияга каршы санкцияларын кеңейтти

АКШ бийликтери Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин сайтындагы билдирүүдө айтылат.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, санкциялык тизмеге Орусиядан эки адам жана төрт уюм кирген. Ошентип, коомдук демилгелерди колдоо жана өнүктүрүү борборунун президенти Наталья Бурлинова менен коомдук ишмер Александр Ионовго каршы санкциялар киргизилди.

Ионов менен байланышкан Россиянын антиглобалдашуу кыймылы "Ионов Трансконтинентал"  ЖЧКсы жана Stop-Imperialism («Стоп Империализм») маалымат агенттиги да Вашингтондун чектөөсүнө кабылды.

Буга чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер орусиялык ишкер Виктор Буттун ордуна америкалыктар Пол Уилан менен Бритни Гринердин бошотулушу үчүн Орусияга каршы санкцияларды жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруудан же ага уруксат берүүдөн баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости